Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Кыргызстандагы тоолуу аймактар үчүн "Бизнес-инкубатор жана акселератор" программасына өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды.
Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү — 2026-жылдын 15-октябры.
Тоолор өнөктөштүгүнүн катчылыгы Кыргызстандагы ФАО, КР президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана министрлер кабинети менен биргеликте, Италия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен "Кыргызстандын тоолуу аймактары үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор" (БИА) программасына катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганын жарыялайт.
Программа түздөн-түз Кыргызстандын тоолуу аймактарында ишке ашырылып жаткан бизнести жана демилгелерди колдоого, ошондой эле тоо экономикасынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө багытталган.
Кимдер катыша алат
Программага төмөнкү уюмдар жана демилгелер чакырылат:
- тоо продукциясын өндүрүүчүлөрдүн уюмдары;
- кооперативдер;
- жаштар жана аялдар жетектеген демилгелер;
- кол өнөрчүлөрдүн бирикмелери;
- бейөкмөт уюмдар жана белгиленген талаптарга жооп берген башка уюмдар.
Колдоо төмөнкү багыттар боюнча көрсөтүлөт:
- дары-дармектик жана жыпар жыттуу өсүмдүктөр;
- мөмө-жемиштер, жер-жемиштер жана жаңгактар;
- сүт азыктары жана тоолуу аймактарга мүнөздүү салттуу продукциялар;
- балчылык продукциясы;
- жашылчаларды сактоо жана кайра иштетүү;
- табигый булалар, жүн жана элдик кол өнөрчүлүк буюмдары;
- кайра иштетилген азык-түлүк жана тоолуу аймактардын продукциялары;
- агротуризм;
- ирригация, айыл чарба жаныбарларын сугаруу жана аквакультура.
Катышуучулар эмне алышат
Тандалып алынган катышуучулар бизнес-инкубация программасынан өтүп, өз долбоорлорун өнүктүрүү үчүн жекече колдоого ээ болушат.
Кийинки этапта 15 000ден 50 000 АКШ долларына чейинки гранттарды, ошондой эле ишканалардын жана демилгелердин мындан аркы өсүшүнө жана узак мөөнөттүү туруктуулугуна багытталган бизнес-акселерация кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Өтүнмөнү кантип берүүгө болот
Өтүнмөлөр BIA порталы аркылуу гана кабыл алынат:
https://fao-grants.smapply.io/prog/business_incubator_and_accelerator_bia_2026_-_kyrgyzstan/
Өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтү — 2026-жылдын 15-октябры.
Пресс-релизге тиркелген материалдарда талапкерлер үчүн кыргыз жана орус тилдеринде маалыматтык колдонмо берилген. Анда катышуу критерийлери, тандоо тартиби жана талап кылынган документтер тууралуу маалымат, ошондой эле өтүнмөнүн формасы менен алдын ала таанышууга мүмкүнчүлүк бар.
Маанилүү: өтүнмө берилгенден кийин ага өзгөртүү киргизүүгө же аны жокко чыгарууга жол берилбейт.
Потенциалдуу талапкерлерге программа жана өтүнмө берүү тартиби боюнча кеңири маалымат берүү максатында уюштуруучулар тарабынан бир катар маалыматтык иш-чаралар өткөрүлөт.
24-сентябрь 2026-жыл, саат 14:00
БИА программасы, анын максаттары, артыкчылыктуу багыттары жана максаттуу аймактары, ошондой эле өтүнмөлөрдү берүү тартиби жөнүндө маалыматтык вебинар
Zoom: https://fao.zoom.us/j/91361003047
Конференциянын идентификатору: 913 6100 3047
Кирүү коду: 66932445
Мындан тышкары, потенциалдуу талапкерлерге программа жана өтүнмө берүү процесси боюнча суроолорун берип, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн суроо-жооп форматындагы үч кошумча маалыматтык сессия өткөрүлөт.
30-сентябрь 2026-жыл, саат 14:00
Биринчи суроо-жооп сессиясы
Zoom: https://fao.zoom.us/j/93878946198
Конференциянын идентификатору: 938 7894 6198
Кирүү коду: 07544194
7-октябрь 2026-жыл, саат 14:00
Экинчи суроо-жооп сессиясы
Zoom: https://fao.zoom.us/j/97484037901
Конференциянын идентификатору: 974 8403 7901
Кирүү коду: 61020954
14-октябрь 2026-жыл, саат 14:00
Үчүнчү суроо-жооп сессиясы
Zoom: https://fao.zoom.us/j/92955108045
Конференциянын идентификатору: 929 5510 8045
Кирүү коду: 56346334
Байланыш
Өтүнмө берүү процесси боюнча суроолор болсо, төмөнкү электрондук дарекке кайрылсаңыздар болот: