Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Бүгүн тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда калың туман каптап, жолдун көрүнүүсү өтө начар. Мындану лам башкармалык айдоочуларды төмөнкү эрежелерди так сактоого чакырат:
- Туманга каршы фараларды күйгүзүңүз;
- Унаалар ортосундагы аралыкты сактаңыз;
- Ылдамдыкты азайтыңыз;
- Абдан этият болуңуз.
"Туман кооптуу кырсыктарга себеп болушу мүмкүн. Сиздин коопсуздугуңуз өзүңүздөн көз каранды!",-деп айтылат маалыматта.