Тоого эс алууга чыккан. Чүйдө бутун кокустатып алган бала куткарылды

Аймак 29 Май 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-05-29 at 10.58.35.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-29 at 10.58.47.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-05-29 at 10.58.35.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-29 at 10.58.47.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек 29.05.25 /Кабар/. Чүйдө эс алууга тоого чыгып, бутун кокустатып алган бала куткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылынын тоосуна эс алууга чыккан 2008-жылы туулган Б.Э. аттуу жаш бала жыгылып, бутун кокустатып алып, түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, аталган жаш баланы тоодон түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы орто.