Тоодой үйүлгөн мыйзамсыз торлор. Ысык-Көлдү тазалоо иштери уланууда

Аймак 27 Апрель 2026 11:30
674574111_18052959368718141_4568851665550741874_n.jpg
675406741_18052959323718141_1201574378703183140_n.jpg
681306423_18052959341718141_8456203477474399587_n.jpg
681315115_18052959326718141_533006074551433808_n.jpg
681636779_18052959320718141_8731946847288469438_n.jpg
683758766_18052959344718141_6880988511405047808_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл ОИИБ

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Өткөн жуманын жыйынтыгы менен Ысык-Көлдөн 22 миң метрден ашык мыйзамсыз тор чыгарылды.

Облустук милициядан билдиришкендей, көлдү мыйзамсыз тордон тазалоо иштери туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Натыйжада көлдүн түбүнөн жана жээк аймактарынан жалпы узундугу 22 миң 100 метрди түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар арасында экологияны сактоого багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.