Кыргызстанга Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн адистери келди

Коом Жүктөлүүдө... 10 Июль 2026 15:10
742903723_1526737116133050_2402779887874719254_n.jpg
743132141_1526737059466389_2353038888735716206_n.jpg
743214755_1526737049466390_8206762197640660476_n.jpg
743659142_1526737136133048_8009373397560869396_n.jpg
743811697_1526737106133051_5784240634356507794_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда 9-июлдан 12-июлга чейинки аралыкта Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн эксперттер делегациясы жумушчу сапары менен жүрөт.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, сапардын алкагында чет өлкөлүк аскер адистери Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тоо даярдыгынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып, келечекте эки өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү менен биргеликте тоо даярдыгы боюнча машыгууларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүшүүдө.

"Бул иш-чара Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу аскердик кызматташтыктын алкагында ишке ашырылууда. Анын негизги максаты – заманбап чакырыктар менен коркунучтарды эске алуу менен аскер кызматкерлерин тоо шартында даярдоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана алдыңкы тажрыйба алмашуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.