Тоо койнунда эс алып, бээнин сүтүнөн шыпаа тапкандар

Ден соолук Загрузка... 05 Июнь 2025 11:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бээнин сүтү менен дарылануу - байыркы замандан бери колдонулуп келе жаткан ыкма. Гиппократ жана Авиценна сыяктуу улуу дарыгерлердин доорунда эле бээнин сүтү терапиялык касиети үчүн жогору бааланган. Анын өзгөчөлүгү — адам организмине жагымдуу таасир тийгизип, иммунитетти бекемдөөсүндө.

Бээнин сүтү оорулардан айыгууда, жаракаттардан кийин организмди калыбына келтирүүдө жана жалпы алсызданууга каршы колдонулат. Анын курамында организм үчүн маанилүү болгон витаминдер, минералдар жана ферменттер бар.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук борборунун директору Жаркынбек Касымбековдун айтымында, бээнин сүтү дарылануу ыкмасы бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготкон жок.

“Сүттө табылган негизги белоктор - казеин жана альбумин болуп саналат. Уйдун сүтүндө казеин көп болгондуктан, сиңирүүнү кыйындатат, ал эми бээнин сүтүндө альбумин көп болгондуктан, ал сиңирүүнү жеңилдетет. Мындан тышкары, бээнин сүтү ферменттерге, аминокислоталарга, углеводдорго жана пайдалуу минералдарга бай:

- тамак-ашты жакшы сиңирүү;

- ашказан-ичеги трактын нормалдаштыруу;

- боорду жана өт жолдорун тазалоо;

- иммундук системаны бекемдөө.

Табигый ферменттердин жана пайдалуу заттардын артында сүт оңой сиңип, ичеги микрофлорасын нормалдаштырып, боор, уйку бези, ичке жана жоон ичегилердин иштешин жакшыртат. Бул пайдалуу заттардын жакшы сиңирилишине көмөктөшөт жана организмдин жалпы абалын бекемдейт. Өзүнүн курамы боюнча бээнин сүтү адамдын эмчек сүтүнө жакын. Мурда эмчек сүтү жок кезде ымыркайларды тамактандыруу үчүн колдонулган. Андыктан сүттү балдар, кары-картаңдар жана кош бойлуу аялдар ичсе болот, бирок ичерден мурун дарыгерден кеңеш алганыңыз оң. Бээнин сүтүн дарылоонун салттуу ыкмалары менен да айкалыштырууга болот, бирок колдонуудан мурун, өзгөчө өнөкөт оорулары бар болсо, дарыгерге кайрылуу кажет. Мындан тышкары, бул суусундук иммундук системаны бекемдөөгө жардам берет жана алдын алуу чарасы катары сунушталат”,-деди ал.

Кыргызстанда жаздын келиши менен тоолуу аймактарга барып, бээнин сүтү менен дарылангандар саны жылдан жылга көбөйүүдө.

Чүй облусундагы “Чуңкурчак” жайлоосунда жаздын келиши менен эле бээнин сүтүн ичип, эс алгандардын арты суюлбайт.

Эс алуучу жайлардын бирин иштеткен Байсал Кайырбеков бээнин сүтүн бизнеске айлантып, жүрөгү сүйгөн жумуш менен алектенип жатканына үч жыл болгонун айтат.

“Тоо койнунда бээ саап, келген эс алуучулар менен кобурашып сүйлөшүп иштегени эмне жетсин. Сезон 1-майдан башталып июлдун ортосуна чейин болот. Бээнин сүтүн ичкендердин саны жыл санап өсүүдө. Бизге өзүбүздүн жарандар эле эмес, чет өлкөлүк туристтер да келет. Арабдар, Казакстан, Бангладеш жана башка улуттагылар көп келип ичишет. Негизинен бээнин сүтүн бир күндө беш маал ичүү керек. 5 маал 200 граммдан, күнүнө 1 литр норма деп эсептелет. Бээлер тоонун башындагы витаминге бай чөптөр менен азыктанышат. Канча миңдеген акчага сатып алган дарыга караганда ушул бээнин сүтүн ичкен организмге ал да канча пайдалуурак”,-деди ал.

Бээнин сүтүн эңсеп ичкендердин катарында алтымыш жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Кубанычбек Сулайманов бар. Ал жыл сайын ушул маалда тоо койнуна келип эс алып, сүт ичкенди адатка айланткан.

“Бүгүн алтынчы күн ичип жатам. Жайлоодо таза абада эс алган керемет да. Сүттү жыл сайын ичем. Жылдын башында 10 күн сүт ичип коюп ошол боюнча жыл бою оорубайм. Кыргызстандын ар кайсы жерине бардым. Чуңкурчакка биринчи жолу келдим. Эрте менен туруп күндө басам, сүт ичем. Мындай эс алууга эч кайсы эс алуу жетпейт болушу керек деп ойлойм”,-деди ал.

Эл алуучулардын дагы бири алтымыш бир жаштагы Эркеайым Исмаилова кымбат баалуу даарыларды ичпей, сегиз жылдан бери бээнин сүтүнөн шыпаа таап жатканын белгиледи.

“Бээнин сүтүн сегиз жылдан бери ичип келем. Дарыканаларда саткан даарылардын курамында эмнелер бар экенин билбейбиз. А бул бээнин сүтүнүн курамында эмнелер бар экенин өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Табийгый сүт менен дарыланган кандай жакшы. Уйкуң канып, бейкапар уктайсың, мындай таза абада бет май коюп деле кереги жок. Бардык кыргызстандыктарды чет өлкөдө эс алгандан көрө, ден-соолугуна кам көрүп ушул жерде эс алышса дейм. Бээнин сүтү адамдын организиминин имунитетин көтөргөн эң пайдалуу азык”,-деди ал.

Чуңкурчактагы дарылоо комплексинен чет өлкөдөн келген конокторду да көрүүгө болот.

Алардын бири Казакстандын Алматы шаарынан келген Төлөпберген Канат Кусайин уулу бар.

“Менин өмүрлүк жарым кыргыз. Кайын журтумдун чакыртуусу боюнча быйыл ушундай кереметтүү жерде эс алып жатам. Быйыл биринчи ирет келдим. Бээнин сүтү, табийгат, аба баары керемет. Кыргыз жергеси өзүнүн меймандостугун көргөзүп жатат. Даамдуу 3 маал тамагы, тейлөөсү баары жакшы. Бээнин сүтүн мен Казакстанда жыл сайын ичем. Бээнин сүтүн ичкенден кийин имунитет көтөрүлөт”,-деди ал.

Ал эми Кытай Эл Республикасынын Кызыл суу ооданын тургуну Гульмира Карыбекова бээнин сүтүн дарыгердин сунушу менен баласынын гемоглабинин көтөрүү максатында иче баштаган. Ал сүттүн даамы тууралуу буларды айтты:

“Кытайда мындай эс алуучу жерлерде мындай шарттар жок. Тоого барып, кечинде кайра кайтып келүүгө туура келет. Бээнин сүтү бар, бирок эмнегедир мындай даамдуу жана пайдалуу эмес. Бул ошол бээлердин тоонун башындагы витаминге бай чөптөрдөн азыктанышынан улам болушу керек. Кыргызстанга жыл сайын ушул маалда келип он күн ичип кетебиз. Баламдын ден соолугу да байкаларлык жакшырды. Кышында балам таптакыр оорубай калды”,-деди ал.

Чуңкурчак жайлоосундагы дарылоо комплекси кыргызстандыктар менен катар чет элдик коноктордун да сүйүктүү эс алуу жайына айланып барат.

Коноктор кыргыз жаратылышына, меймандостугуна жана кызмат көрсөтүү деңгээлине жогору баа берип, бээнин сүтү менен дарылануунун натыйжалуулугун өз мисалдарында айкын далилдеп беришти. Бул көрүнүш өлкөдө саламаттык сактоо туризмин өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүп жатканын дагы бир жолу тастыктап турат.