Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Тоо-кен тармагы өлкөнүн ички дүң продукциясынын кеминде 10 пайызын камсыздап, Кыргызстандын экономикасындагы негизги тармактардын бири бойдон калууда. Бул тууралуу "Кабар подкастта" жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул тармактын өлкө экономикасына кошкон салымы 60 млрд сомдон ашкан. Ал эми 2026-жылдын алгачкы беш айында эле бул көрсөткүч 40 млрд сомдон ашык каражатты түздү.
Министр тоо-кен тармагынан түшкөн кирешелер мамлекеттик чыгымдарды каржылоого, анын ичинде мектептердин, унаа жолдорунун курулушуна жана башка инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталарын белгиледи.
"Тоо-кен тармагынан түшкөн каражаттар өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштеп жатат жана маанилүү социалдык өнүктүрүү, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду турмушка ашырууга мүмкүндүк берүүдө", - деп баса белгиледи Токтобаев.