Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда тоо-кен тармагын толук инвентаризациялоонун жүрүшүндө 80ден ашык мыйзам бузуу аныкталып, 600дөн ашык лицензиянын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Кабар" подкастта жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирди.
Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы 1 982 лицензия берилген, учурда алардын мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Лицензиялардын токтотулушуна экологиялык жана каржылык милдеттенмелердин аткарылбаганы, рекультивациялык эсептердин жана долбоордук документтердин жоктугу, ошондой эле бонустардын төлөнбөгөндүгү себеп болгон.
Министр мурда лицензиялар арзан баада жана көзөмөлсүз берилип келгенин, ал эми азыр тартип өзгөргөнүн белгиледи. Алсак, кум-шагыл, чопо, таш, туз сыяктуу металл эмес кендерди казууга уруксат эми мамлекет бекиткен шарттар менен бир гана аукцион аркылуу берилет.
"Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен лицензияларды 100% мамлекетке таандык болгон "Кыргызалтын", "Кыргызкөмүр", "Кыргызгеология" жана "Кыргызполиметалл" сыяктуу ишканаларга берүү тажрыйбасы кеңейтилди. Жаңы эрежелерге ылайык, мындай долбоорлордогу мамлекеттин үлүшү 30 пайыздан кем эмес болушу керек", - деди Акыл Токтобаев.
Ведомство башчысы мамлекеттик компаниялар менен катар эле бул тармакта жеке инвесторлор менен да инвестициялык долбоорлордун алкагында иштер улантыларын кошумчалады.