Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат – ашуулардагы абал

Аймак 17 февраль 2026 09:42
Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат – ашуулардагы абал

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бүгүн саат 09:10го карата республиканын негизги ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык.

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында майда кар жаап жатат, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.