Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат – ашуулардагы абал

Аймак Загрузка... 27 Январь 2026 11:15
11.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Бүгүн эл аралык жана жергиликтүү маанидеги унаа жолдордо жана ашууларда жол ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Бишкек – Ош унаа жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз – Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашууларында кар жаап жатат. Аталган жолдорду тейлеген Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан тынымсыз кɵзɵмɵл жүрүүдɵ.

Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп – Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.

Жол тейлɵɵ ишканаларынын жолчулары тарабынан жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу, кар күрткɵлɵрүн тазалоо иштери күнү-түнү аткарылууда.

Транспорт министрлиги жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.