Төлөмдөр азаят, көйгөй чечилет. Оштун мэри "Эмакомдун" үйүнүн жашоочулары менен жолукту

Аймак 26 Январь 2026 14:00
1.jpg
620074523_1232812725704289_5587487699341818750_n.jpg
622126280_1232812039037691_8429266429400905335_n.jpg
622383791_1232812692370959_1952497807250626093_n.jpg
622797422_1232812025704359_6495217676112660199_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Аскар Шакиров 22 даректе жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары менен жолугуп, алардын кайрылууларын укту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көп кабаттуу үй «Эмаком» курулуш компаниясы тарабынан курулуп, пайдаланууга берилген. Бирок, узак убакыт бою курулушка байланыштуу документ иштери толук бүткөрүлбөй, 2025-жылдын октябрь айында гана аяктаган.

Ага карабастан, бүгүнкү күнгө чейин жашоочулар суу жана электр энергиясы үчүн коммерциялык тариф боюнча төлөм жүргүзүп келишкен.

Шаар мэри жашоочулардын маселелерин угуп, тиешелүү кызматтарга көйгөйлөрдү жеринде иликтеп чыгып, тез арада чечүү боюнча тапшырма берди.