Самарканд, 31.10.25. /Кабар/. Самарканд шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Жаштар форумунун алкагында белгилүү сүрөтчүлөр Илья жана Эмилия Кабаковдордун "Толеранттуулук кемеси" аттуу эл аралык арт-долбоору алгач ирет көрсөтүлдү.
Бул көркөм инсталляция Өзбекстандын миңдеген балдары тарткан тынчтык, достук жана боорукердик темасындагы сүрөттөрдөн түзүлгөн. Ал Silk Road Samarkand комплекси жайгашкан кайыктар сүзүүчү каналдын жээгине орнотулду.
Өлкөнүн Маданият жана искусствону өнүктүрүү фондунун төрайымы Гаянэ Умерова белгилегендей, бул долбоор балдардын ак ниети менен жакшылыкка болгон ишеними искусствонун жана адамдык түшүнүшүүнүн башкы кыймылдаткыч күчү экенин эске салат.
Ачылыш аземи жаш музыканттардын концерти менен коштолуп, сахнада Кыргызстан, Египет, Сауд Арабиясы, Швейцария, Улуу Британия жана Өзбекстандан келген балдар достук жана тынчтык тууралуу чыгармаларды аткарышты.
"Толеранттуулук кемеси" долбоору 2005-жылы башталып, ушул кезге чейин дүйнөнүн жыйырмадан ашык шаарында көрсөтүлгөн. Бул жолу ал Борбор Азия аймагында алгачкы жолу сунушталды.