Токтогулдун Камыш-Башы айылы таза суу менен камсыз болот

Коом Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 17:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Токтогул районунун Камыш-Башы айылында жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун алкагында суу түтүк тармактарын төшөө иштери толугу менен аяктады.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери акыркы этабына чыкты.

Учурда объектте төмөнкүдөй иштер толугу менен аткарылды:

  • Таза суу менен камсыздоочу негизги тармакты тартуу иштери 100 пайызга аткарылды.
  • Учурда подряддык уюмдун адистери тутумдун бириктирүүчү бөлүктөрүн монтаждоодон өткөрүшүүдө.
  • Муну менен катар суу менен камсыздоочу инфраструктуралык объекттердин айланасына коргоочу тосмолорду орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
"Курулуш-монтаждоо иштери аяктап, объектти пайдаланууга берүү Камыш-Башы айылынын тургундарын бардык санитардык-гигиеналык нормаларга жооп берген таза ичүүчү суу менен туруктуу камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет",-деп айтылат маалыматта.