Токтогулдун ар бир көчөсү асфальтталат. Аймакта ири курулуштар күтүлүүдө

Аймак Загрузка... 15 Сентябрь 2025 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Токтогул шаары 2012-жылы шаарчадан шаар статусуна ээ болгон. Андан кийин 2024-жылы жүргүзүлгөн аймактык-территориалдык реформанын негизинде шаар дагы да кеңейип, калкынын саны жана аймагынын аянты көбөйгөн. Акыркы жылдары бул шаарда жаңы социалдык объектилер курулуп, жолдор оңдолуп, ар тараптуу өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Күн мурун калаага алдыда дагы көп орундуу мектеп, бала бакча, оорукананын корпусу жана балдар үчүн реабилитациялык борбор куруу тапшырмасы коюлду.

Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаевдин айтуусу боюнча райондун административдик борбору болуп эсептелинген Токтогул шаарында буга чейин 20 миңдей калк жашачу. 2024-жылы жүргүзүлгөн аймактык-территориалдык реформанын негизинде алты айылдан турган Жаңы-Жол айыл өкмөтү шаардын курамына киргизилип, калкынын саны 49 миңге жеткен.

IMG_6480.jpeg

“Шаар бюджети былтыркы жылы 120-130 млн тегерегинде болсо, реформадан кийин 200 млн сом болуп, муну менен бирге эле шаар быйыл дотацияга түшүүгө мажбур болду. 2026-жылдын аягы менен калааны андан чыгаруунун аракеттерин көрүп жатабыз”,-деди ал.

Ошондой эле район башчысынын айтымында, шаар ичинде дагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен бип топ иштер жасалган.

“Былтыркы жылы 120 орундук бала бакча шаардын бюджетинин негизинде салынып, пайдаланууга берилди. Андан сырткары булардын катарын толуктаган башка дагы социалдык объектилер бар. Шаардын өзүндө эле 5 мектеп жана 6-7 бала бакча, ал эми жаңы кошулган 6 айылда бирден мектеп, бала бакчалар бар. Алардын арасында оңдоп-түзөө иштерин жасай тургандары да бар эле. Мисалы, бир бала бакчанын чатырын алмаштырылып, ичине косметикалык оңдоп-түзөө иштери жасалды. Дагы бир айылдагы абалы начар бала бакча - имараты сапаттуу салынган эки кабат совхоздун конторасына көчүрүлдү. Ага чейин оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлдү.

Арал айылында республикалык бюджеттин эсебинен бир мектеп салынып, 31-августта пайдаланууга берилди. Ал эми аталган мектептин мурунку имаратын жылдын аягына чейин капиталдык ремонттон өткөрүп, бала бакча кылып берүү аракеттерин көрүп жатабыз”-деди.

Ошондой эле ал бюджеттин көпчүлүк бөлүгү коммуналдык кызматтар менен эмгек акыга кетип жаткандыгын белгилеп жатып, “Былтыркы жылы стимулдаштыруучу гранттын эсебинен Кара-Суу айылындагы бир чакырымдан ашык ички жол асфальтталып, ошондой эле ички жолдорго деп республикалык бюджеттен 50 миң сом бөлүнүп берилген. Бул суммага шаардын өзүнөн бир көчө, Жаңы-Жол айыл аймагынын жана ага караштуу Балачычкан жана Арал айылынан көчөлөр 5 чакырымды түзгөн жол асфальт төшөлдү”,-деп кошумчалады.

53622665-4e82-4713-a418-2497ae8f0a24.jpeg

Ал эми күн мурун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токтогул шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир катар тапшырмаларды берди. Ага райондук оорукананын аймагына дагы бир кошумча корпус жана балдар үчүн реабилитациялык оорукана куруу, 750 орундук мектеп жана анын жанына 150 орундук бала бакча куруу ошондой эле шаардын ичиндеги жалпысынан 30 чакырымды түзгөн бардык көчөлөргө асфальт төшөө долбоорлору киргизилди. Төрага курулуш иштерин тез арада аяктап, пайдаланууга берүү керек экенин эскертип, бул иштердин баары президент Садыр Жапаровдун Турукташтыруу фондунан каржылана тургандыгын белгиледи.

“Токтогул шаарында 1980-жылы салынган стадион бар эле. Ага былтыр Камчыбек Кыдыршаевич келип, курулушуна старт берип кеткен эле. Кечээ күнү ошол стадиондун ачылышын жасадык. Республикалык бюджеттен 3 млн сом бөлүнүп, ошонун эсебинен курулду.

Андан сырткары төрага жолугушуулардын жүрүшүндө жолдор жана социалдык объектилерге байланышкан долбоорлорду баштоого тапшырма берип кетти. 6 гектар аянтты ээлеген ооруканын аянтынан кошумча корпус үчүн 50 сотых жер бөлүп бермей болдук. Ошондой эле Токтогул жергесине биринчи жолу балдардын реабилитациялык борбору курулмай болду.

Таласбай кичирайонунда 2019-жылы 750 орундук мектеп салынып баштаган эле. Буга байланыштуу мектепти аяктоо жана анын жанына 150 орундук бала бакча куруу тапшырмасы да берилди. Андан сырткары калаанын жалпысынан 30 чакырымды түзө турган ар бир көчөсү асфальтталсын деген тапшырма коюлду. 2025-26-жылы шаар ичиндеги жолдорду бүтүрүп алсак, аркы жылдардан шаардын аймагына караган айылдардын көчөлөрүн асфальттоо пландар бар”-деп белгиледи район башчысы.