Токтогулдук жаш ишкер үндүк багып, жакшы киреше табууда

Коом 3 сентябрь 2025 12:45
WhatsApp_Image_NDkc3e0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_8wzBSrV.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_zSbot2X.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_NDkc3e0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_8wzBSrV.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_zSbot2X.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Токтогул районунда жаш ишкер 2020-жылы болгону 2 баш үндүк менен баштаган ишин кеңейтип, бүгүнкү күндө жүздөгөн үндүктөрдү багып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Ишкер мурда 600гө чейин үндүк багып көргөн тажрыйбага ээ. Анын чарбасында чоң үндүктөрдүн таза эт салмагы 15 килограммга, ал эми кичинекейлери 8–9 килограммга чейин жетет. Бир үндүк бир сезон ичинде 25ке чейин жумуртка тууйт. Учурда базарда үндүк жумурткасынын баасы 150 сомго чейин сатылууда.

Үндүктөр негизинен жазында туулуп, ноябрь-декабрь айларында союуга даяр болуп калат. Продукцияга болгон суроо-талап жогору болгондуктан, үндүктүн эти жана жумурткасы Кыргызстан ичинде дүң жана чекене баада бат эле сатылып кетет. Азыркы тапта короз үндүктөрдүн баасы 3000–6000 сомду түзөт.

"Ишкердин башкы максаты — ири ферма ачуу, кошумча жумуш орундарын түзүү жана айылдаштарын туруктуу иш менен камсыздоо. Ошондой эле өндүрүлгөн продукция айыл тургундары үчүн кошумча киреше булагына айланып, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө салым кошууда",-деп айтылат маалыматта.