Токтогулдун тоолорун байырлаган 3 мамалактуу аюу — видео

Аймак Загрузка... 20 Май 2025 10:41
copyright icon Улан Ташматов

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан жайлоолордо 3 мамалагын ээрчиткен аюунун видеосу тарады. Видеонун автору жаратылыш таануучу Улан Ташматов. "Кабар" маалымат агенттиги Ташматовго байланышканыбызда, ал Токтогулдун тоолорунда аюудан сырткары көптөгөн жаныбарлар бар экенин белгиледи.

"Негизи аюу кышкысын чээнден чыкпай жатып төлдөйт. Азыркы учурда мамалактарын ээрчитип чыга башташты. Мамалактардын айрымдары өтө кичинекей болсо, арасында чоңоюп калгандары да бар. Аюу көп учурда экиден, айрым учурда гана бирден тууйт. Ал эми 3 мамалактуу аюулар чанда кездешет. Видео 4-майда тартылган. Бул ирет 3 мамалагын ээрчиткен аюу камерама туш болду. Мамалак ээрчиткен аюуларга жакындабаш керек. Мамалагын коргоо үчүн алар адамга чап салат. Токтогулдун тоолорунда аюудан сырткары көптөгөн жан-жаныбарлар бар, элик, карышкыр, түлкү сыяктуу көптөгөн айбанаттарды көрүп жүрөм", - деди ал.