Токтогулда уруксатсыз жерде соода кылгандарга рейд жүрүүдө

Коом 107 12 Август 2026 13:00
771739778_1082125664239128_8482579558108911116_n.jpg
772280510_1598721748580247_2160071263963062108_n.jpg
768310328_2280024586098387_3178248221861752757_n.jpg
774026063_1525672879312315_4507395341432361657_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Токтогул шаарынын аймагында жол жээктеринде жана белгиленбеген жерлерде мыйзамсыз соода-сатык жүргүзүүгө жол бербөө максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жол жээгинде уруксатсыз дарбыз жана башка айыл чарба продукцияларын сатып жаткан жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлдү.

"Урматтуу шаар тургундары жана соода жүргүзгөн жарандар! Соода-сатыкты мыйзамда белгиленген тартипте, атайын бөлүнгөн жана уруксат берилген жерлерде жүргүзүүгө чакырабыз",-деп айтылат маалыматта.

Токтогул шаарынын мэриясы мыйзам талаптарын сактоого жана коомдук тартипти камсыз кылууга багытталган иштерди мындан ары да улантат.