Токтогулда соода борборунун курулушу текшерилип, кемчиликтер табылды

Аймак 28 октябрь 2025 12:25
whatsappimage20251027at162316-41168ff48bd7028b9.43435795.jpg
whatsappimage20251027at1623162-63668ff48bd707ce5.64758180.jpg
whatsappimage20251027at1623161-82568ff48bd705a27.05580053.jpg
Алдыга
Артка
whatsappimage20251027at162316-41168ff48bd7028b9.43435795.jpg
whatsappimage20251027at1623162-63668ff48bd707ce5.64758180.jpg
whatsappimage20251027at1623161-82568ff48bd705a27.05580053.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Токтогул шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда курулуп жаткан соода борбордун курулушу текшерилди.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн алкагында эки кабаттуу соода борбордо курулуш ченемдери сакталбагандыгы аныкталды.

Натыйжада, курулуш объектисинин ээсине айып пул салынып, туура эмес коюлган кыш, пеноблок конструкциялары буздурулуп, бекемдөө менен кайрадан куруу талаптары коюлду.

Ошондой эле аталган аймакка Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан курулуш ченемдерин сактоо боюнча тыкыр көзөмөлгө алынары эскертилди.