Токтогулда картошканын герезо түрүнөн жогорку түшүм алынды

Экономика Загрузка... 10 Октябрь 2025 14:54
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында 3+2+1 долбоорунун алкагында герезо сортундагы картошка өстүрүлдү.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, 29-апрелде Голландиядан алып келинген 3-репродукциядагы үрөн гектарына 3 тонна себилген. Гербициддер жана инсектициддер колдонулуп, өсүмдүк кошумча азыктар менен камсыздалган.

Жыйынтыгында ар гектардан 35 тонна түшүм, жалпы 105 тонна картошка алынды. Таза киреше — 2,55 млн сом, рентабелдүүлүк — 425 пайызды түздү.

Фермердин айтымында, герезо сорту түшүмдүүлүгү жогору жана сактоого туруктуу. Кийинки жылы айдоо аянтын кеңейтүү пландалууда.