Бишкек, 12.08.26 /Кабар/. Токтогул шаарындагы А. Козубеков атындагы эс алуу паркында өсүмдүктөрдү коргоо боюнча химиялык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймактагы көп жылдык эмен дарактарында (дубовый минирующий пилильщик) зыянкечинин таралышы аныкталып, анын өсүмдүктөргө тийгизген зыяндуу таасирин азайтуу жана мындан ары жайылышына жол бербөө максатында химиялык иштетүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Жалал-Абад башкармалыгынын, Токтогул мамлекеттик администрациясынын жана Токтогул шаардык муниципалдык ишканасынын адистери катышты.
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти өсүмдүктөрдүн фитосанитардык абалына мониторинг жүргүзүүнү жана зыяндуу организмдерге каршы өз убагында тиешелүү чараларды көрүүнү улантат",-деп айтылат министрликтин маалыматында.