Токтогулда Бөкөнбай каналы реабилитацияланып, колдонууга берилди

Аймак 15 Апрель 2026 10:55
673474037_122209311716341273_8787631541173639986_n.jpg
673785740_122209311704341273_3871078382963109841_n.jpg
671532149_122209311710341273_603743088982768393_n.jpg
Алдыга
Артка
673474037_122209311716341273_8787631541173639986_n.jpg
673785740_122209311704341273_3871078382963109841_n.jpg
671532149_122209311710341273_603743088982768393_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Токтогул районунда жалпы узундугу 13 чакырымды түзгөн Бөкөнбай каналы реабилитацияланып, колдонууга берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, “Баймурас” айыл чарба кооперативи тарабынан бир жылдын ичинде 13 чакырым канал реабилитацияланып, учурда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат.

Белгиленгендей, жалпысынан 400 гектарга жакын айдоо жерине эгин эгилүүдө.

"Министрликтин Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кооператив түзүүгө документ иштерине жардам берилди",-деп айтылат маалыматта.