Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Бүгүн Токтогул шаарындагы «Садыралы» кооперативинин жетекчиси Бактыгүл Осмонова менен болгон жолугушууда райондун айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган иштер талкууланды.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, райондо учурда 30–40 гектар аянтта малина жана клубника өстүрүлүп, аянтты кеңейтүү аракети көрүлүүдө. Өндүрүлгөн продукцияны сактоо маселесин чечүү үчүн кооператив тарабынан 300 тонналык муздаткыч кампасы жана СЛБ курулууда. Облустук өнүктүрүү фондунан 7 млн сом, райондук фонддон 2 млн сом бөлүнүп, ишкананын ачылышы 2025-жылдын декабрь айына пландалган.
"Мындан тышкары, Тегерек участкасында 10,745 млн сомго заманбап мал союучу жай курулууда, анын 2,745 млн сому РКӨФ тарабынан каржыланган. Абды-Сүйөркулов айыл өкмөтүндө 35 млн сомдук балык чарба долбоору ишке ашууда, анын 5 млн сому РКӨФ тарабынан каржыланган",-деп айтылат маалыматта.
Бул долбоорлор айыл чарба өндүрүшүн жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүп, жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүнү максат кылууда.