Токтогулда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Аймак Загрузка... 01 Декабрь 2025 12:00
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Токтогул районунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн министр Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мектептин курулуш иштери менен таанышты.

Долбоорго ылайык, 750 орунга ылайыкталган мектеп 3 кабаттан турат. Окуучулар жана окутуучулар үчүн заманбап шарттар каралган. Мектептин жалпы аянты 8 625 чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштери министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" ишканасы тарабынан ишке ашырылат. Ал эми мектептин долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, аталган мектеп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык курулууда.