Токтогулда 750 орундуу мектеп, оорукана жана бала бакча курулууда

Аймак 29 сентябрь 2025 12:45
0_pBLWprD.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1_fzXubg8.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
2_3mD1R3R.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
3_9iLYOGw.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев иш сапары менен Токтогул шаарына барып, бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында 750 орундуу мектеп, 140 орундуу бала бакча жана 100 орундуу оорукана куруу боюнча даярдалган долбоорлор сунушталып, алардын ишке ашуу этабы тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, Текебаев Токтогул шаарындагы ички жолдорду реконструкциялоо долбоору да көрсөтүлүп, пландалып жаткан иштер менен таанышты.

Өз сөзүндө Тилек Текебаев бардык долбоорлорду сапаттуу жана өз убагында аткаруу маанилүү экенин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.