Кайсы гана тармакта болбосун жаңы өндүрүш адатта үч негизги артыкчылыкты алып келет. Эң оболу аны менен аймактын экономикасы жанданып, кошумча жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле жергиликтүү калк өз аймагында чыгарылган продукциядан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Күн мурун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Күн тийбес участогунда жаңы бетон заводу расмий түрдө ишке берилди. Анын курулуш иштери 2024-жылдын ноябрь айында башталып, март айында тесттик режимде иштей баштаган.

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Акылбек Тюкебаевдин билдирүүсү боюнча, заводдун негиздөөчүсү - россиялык компания, ал эми долбоорду биргелешкен “Астория Групп” ЖЧКсы ишке ашырган.
Ал белгилегендей, курулуш иштери инвесторлордун каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, долбоорго жалпысынан 63 млн 971 миң сом сарпталган.
“Буга чейин райондо мындай таш майдалаган дагы, бетон чыгарган дагы завод болгон эмес. Аларды Шамалды-Сайдан барып алып келүүгө туура келчү. Учурда бул заводдун районду толугу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок өрөөндө жаңы долбоорлор жана ири курулуштар көбөйүп жаткандыктан, муктаждык дагы өсүүдө. Андан сырткары, алдыда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бар. Ошондуктан 2026–2027-жылдарга карата кошумча бетон заводунун курулушу пландалууда”,-деп белгиледи Тюкебаев.
Учурда заводдо өндүрүлгөн продукция жергиликтүү калк менен менен райондогу башка дагы маанилүү объектилерге сатылууда. Тесттик режимде иштей баштагандан тарта ал райондун негизги салык төлөөчүлөрүнүн бирине айланды.

Заводдун директору Станислав Заяшников билдиргендей, учурда анда 20 адам эмгектенүүдө. Ишкана таш майдалоо жана бетон өндүрүү деген эки негизги цехтен турат.
“Заводдун өндүрүш кубаттуулугу негизинен 1 саатта 300 тонна таш майдалоого ылайыкталган. Продукция кошумча талап кылынган учурда жабдууну 70%га көбүрөөк иштетүүгө болот. Учурда ал даярдыкта турат. Учурда суроо-талапка жараша ташты саатына 200 тоннага чейин майдалап чыгарууда.
Ал эми экинчи цех 1 саатта 180 м³ бетон аралашмасын чыгара алат. Бирок, учурда 160 м³ көлөмүндө чыгарууда. Атайын Иран өлкөсүнөн сапаты жогору, компьютерлештирилген технологиялар алынып келинген. Ошого жараша ал сапаттуу бетон аралашмасын чыгарып берүүдө”,-деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Токтогул районунда учурда 4 долбоор ишке ашырылууда. Алар - Таласбай кичи районундагы 750 орундуу жаңы мектеп жана 140 орундуу бала бакча. Андан сырткары, борбордук оорукананын аймагына салынып жаткан кошумча 100 орундук имарат жана анын аймагына курулуп жаткан 18 жашка чейинки майып балдардын 120 орундук реабилитациялык борбору. Бул долбоорлорго жалпысынан 950 млн сомдук каражат бөлүнгөн.