Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Токтогул районунда интенсивдүү бак өстүрүү долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеленген.
Ведомствонун маалыматына караганда, долбоордун алкагында 30 гектар кайрак жерге райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан тамчылатып сугаруу системалары орнотулуп, көлөмү 15 миң куб метрди түзгөн суу бассейни курулууда.
Мындан тышкары, берилген аянттын айланасы толугу менен тосулуп, коргоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган жер тилкеси райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Бул дыйкандарга узак мөөнөттүү пландоону жүргүзүүгө жана бак өстүрүүнү туруктуу негизде өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Март айынан тартып аянтта көчөт отургузуу иштери башталат. Интенсивдүү бак өстүрүү ыкмасы жана тамчылатып сугаруу технологиясы сууну үнөмдүү пайдаланууга шарт түзүп, айрыкча суу тартыштыгы байкалган учурда дыйкандар үчүн натыйжалуу жана ыңгайлуу чечим болуп саналат.