Бишкек, 24.10.26 /Кабар/. 2021–2026-жылдары Токтогул районунун социалдык-экономикалык багытында олуттуу өзгөрүүлөр катталып, инвестициялык активдүүлүк бир топ жогорулады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө маалым болду.
Мамлекет башчысы аймактын акыркы беш жылдагы өнүгүү жыйынтыктары жана келечектеги пландар менен таанышты. Маалыматка караганда, районго тартылган инвестициянын көлөмү жыл санап өсүп жатат:
- 2021-жылы — 2 млрд 575 млн сом;
- 2022-жылы — 3 млрд 120,8 млн сом;
- 2023-жылы — 2 млрд 523,8 млн сом;
- 2024-жылы — 2 млрд 48,8 млн сом;
- 2025-жылы — 3 млрд 902,1 млн сомго жеткен.
- Ал эми 2026-жылдын жыйынтыгы менен дагы 3 млрд 980,1 млн сом инвестиция тартуу көздөлүүдө.
Инвестициялык өсүштүн натыйжасында аймакта жаңы өндүрүш объекттери көбөйдү. Тактап айтканда, беш жыл аралыгында райондо 215 жаңы ишкана ачылып, 1 576 жумуш орду түзүлгөн.