Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,6 млрд куб метрди түздү

Коом 18 апрель 2025 08:54
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,6 млрд куб метрди түздү

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. 17-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 621 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 396 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 236 куб метрди түзүүдө.