Токтогул суу сактагычында рейд өтүп, 12 миң метр тор чыгарылды

Аймак 27 Апрель 2026 09:40
681475979_955337333786063_4936553565900436459_n (1).jpg
681304343_955337263786070_6703420606846609880_n.jpg
681476840_955337273786069_7982988442027708670_n.jpg
682729850_955337353786061_5303652356235807923_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Токтогул суу сактагычын мыйзамсыз балык уулоочу куралдардан тазалоо боюнча масштабдуу рейд өттү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, эки күндүк рейдде суудан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылды.

Мындай торлор экосистемага орду толгус зыян келтирип, балык запастарын жок кылат жана сууда сүзүүчү канаттуулар үчүн өлүмгө алып келүүчү тузакка айланат.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана Кыргызстандын суу ресурстарын коргоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнүн алкагында, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындай рейддерди өлкөнүн бардык ири суу объекттеринде үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.