Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз салынган торлор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан рейд жүргүзүлгөн.
Өткөрүлгөн иш-аракеттердин алкагында 7 000 метр мыйзамсыз торлор алынып, тартип бузуучуларга мыйзам чегинде айып пулдар салынды.