Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен быйыл Токтогул шаарында жалпы узундугу 16,4 чакырымды түзгөн 11 көчөгө асфальт төшөлүп, 7,76 чакырым жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор төшөлөт.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, учурда долбоорду каржылоого Турукташтыруу фондунун эсебинен 436,8 млн сом акча каражаты келип түштү.
Анын ичинен:
- долбоордук-сметалык документтерин даярдоого 3 млн 47 миң сомдук жумуштар аткарылды;
- Токтогул шаарындагы ички көчөлөрдү асфальттоого 317 млн 862 миң 239 сом керектелет;
- таза суу багытына 115 млн 890 миң 761 сом каралган.
"Долбоордун алкагында жогоруда аталган 16,4 чакырымдын ичинен 9,5 чакырым жол сентябрь айында колдонууга берилет. Бул чечимдер алдыда жүзөгө ашуучу "Таза Суу" долбоорунун 2-фазасын эске алуу менен 1-фазада бүткөрүлгөн көчөлөрдү камтып, ал эми бүтө элек бөлүгүндөгү негизги кенен көчөлөрдү долбоорго толук киргизүү менен кабыл алынды. Учурда тийиштүү иштер башталып, жердин негизи даярдалууда. Долбоордун аяктоо мөөнөтү боюнча кошумча маалымат берилет", — деп билдиришти шаардык мэриядан.