Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Токтогул шаардык мэриясы "Кетмен-Төбө" агрокомплексин түзүү боюнча жеке өнөктөш тандоо боюнча сынак жарыялайт.
МЖӨ борборунан билдиришкендей, муниципалитет бардык кызыкдар тараптарды сынакка катышууга чакырат.
Сынакка тууралуу бардык маалыматты МЖӨ борборунун www.ppp.gov.kg сайтынын “Сынактар” бөлүмүнөн тапса болот.
Катышууга сунуштар Токтогул шаардык мэриясы, Черноткач көчөсү 5 дареги боюнча же почта аркылуу 2025-жылдын 14-мартында саат 18:00дөн кечиктирбестен курьердик кызмат аркылуу кабыл алынат.
Квалификациялык тандоого арыз жана тиркелген документтер болуусу шарт.
Долбоор боюнча суроолор боюнча Токтогул шаардык мэриясына кайрылсаңыздар болот.
Телефону: 0374 75 01 28 же МЖӨ борбору 0312 30 01 76