Бишкек, 24.10.26 /Кабар/. 2021-жылы Токтогул районунун бюджети 115 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 167 млн сомго жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районунун активи жана тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, акыркы жылдардагы экономикалык өсүштүн натыйжасында райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу болжол менен 1,4 эсеге көбөйгөн.
”2026-жылы райондо алты объектти курууга капиталдык салымдардын алкагында 67 млн сом каралган. Анын ичинен 1-октябрга карата 60 млн сом бөлүнгөн”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.