Президент жаш ишкердин ишканасын кеңейтүүгө 80 млн сомго чейин насыя берүүнү тапшырды

Президент
Президент жаш ишкердин ишканасын кеңейтүүгө 80 млн сомго чейин насыя берүүнү тапшырды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 25.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда 24 жаштагы ишкердин ишканасын кеңейтүү үчүн жеңилдетилген насыя алуу маселесине көмөк көрсөтүүнү Экономика жана коммерция министрлигине тапшырды.

Жаш ишкердин айтымында, атасы 20 жыл миграцияда жүрүп, топтогон каражатына ишкана ачкан. Бирок коронавирус пандемиясынан улам «Демир Банк» алдындагы насыясын өз убагында төлөй албай, кредиттик тарыхы начарлаган. Учурда карыздан кутулганына карабастан, ишкананы кеңейтүү үчүн жеңилдетилген насыя ала албай келет.

Ишкана 250 адамга ылайыкталып курулган, бирок азыркы учурда анын кубаттуулугунун 10–15 пайызы гана пайдаланылууда.

Ишкер өндүрүштү кеңейтүү үчүн 80 млн сомго чейин насыя алууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Президент насыяга коюла турган күрөөсү бар экенин эске алып, Экономика жана коммерция министрлигине ойлонбостон насыя берүүнү тапшырды.