Токтогул районунда жер титиреди

Кырсык
Токтогул районунда жер титиреди
copyright icon WWW

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Жалал-Абаддын Токтогул районунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ничке айылынан түштүк-чыгышка карай 15 чакырым, Кызыл-Өзгөрүш айылынан чыгышка карай 18 чакырым жана Токтогул районунун борборунан түштүк-чыгышка карай 62 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кызыл-Өзгөрүш, Ничке жана Сары-Булак айылдарында болжол менен 2 баллды түзгөн.