Бишкек, 23.12.25 /Кабар/. Токтогул районунун Толук айылында кыштоодо калган жарандар жана алардын мал-жандыктары айылга эвакуацияланды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, катуу кар жаап, жол каттамы жабылгандыгына байланыштуу аталган аймактагы 13 короодо 26 жаран мал-жандыктары менен кыштоодо калып калган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бүгүн эртең мененки саат 10:00гө карата 5 короодон жалпы 10 жаран 2811 баш мал-жандыгы менен аман-эсен айылга жеткирилди. Тактап айтканда:
- 1-короодон – 2 адам, 550 баш мал;
- 2-короодон – 2 адам, 730 баш мал;
- 3-короодон – 2 адам, 564 баш мал;
- 4-короодон – 2 адам, 367 баш мал;
- 5-короодон – 2 адам, 600 баш мал эвакуацияланган.
Ошондой эле дагы 2 короодон 4 адам мал-жандыктары менен айылга жолдо келе жатышат. Ал эми калган 12 малчынын азык-түлүгү жана тоюту жетиштүү болгондуктан, эвакуациялоодон баш тартышкан. Айыл өкмөтү тарабынан аларга коопсуздук боюнча эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Кыштоодо калган жарандарга жардам көрсөтүү максатында Толук айыл аймагынан атчан 50 адам жөнөтүлгөн.
Учурда Толук айыл аймагындагы ички жолдорду жана айылдарды байланыштырган жолдорду тазалоо иштерине 3 техника тартылган. Ички жолдорду толук тазалоо иштери 24-декабрга чейин аяктары пландалууда.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.