Токтогул районунун 3 айылын органикалык аймакка өткөрүү пландалууда

Аймак 10 ноябрь 2025 17:24
WhatsApp Image 2025-11-10 at 16.37.31 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-10 at 16.37.30.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-10 at 16.37.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-10 at 16.37.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-10 at 16.37.29 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-10 at 16.37.29 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-10 at 16.37.27.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Бүгүн Токтогул районунда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча семинар өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда райондун Кара-Күнгөй жана Ак-Тектир, Бел-Алды айылдарын органикалык аймакка өткөрүү маселеси каралды.

Иш-чарага тиешелүү жетекчилер катышып, катышуучуларга органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүнүн мааниси, талаптары жана сертификациялоо жол-жоболору тууралуу кеңири маалымат берилди.

Адистер дыйкандарга органикалык өндүрүштүн артыкчылыктары, топурактын табигый түшүмдүүлүгүн сактоо жана экологиялык таза продукция өндүрүүнүн жолдору боюнча практикалык кеңештерди сунушташты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар органикалык аймак макамын алуу үчүн керектүү кадамдар жана документтер тууралуу түшүнүк алышып, мындан ары органикалык стандарттарга ылайык иш жүргүзүүгө даярдыгын билдиришти.