Токтогул районунда жер титиреди

Кырсык Загрузка... 15 Июнь 2026 14:50
222_730x0_730x0.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Бүгүн саат 12:04тө Токтогул районунда күчү очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Такталык тоо кыркасында, атап айтканда Көк-Бел айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Кетмен-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым жана Токтогул шаарынан түштүккө карай 23 чакырым аралыкта жайгашкан.

Көк-Бел айылында жердин силкинүүсү 2,5 балл сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана бузулуулар катталган жок.

723613276_984885340.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014