Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Токтогул районунда 215 жаңы ишкана ачылып, 1 576 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 2021–2026-жылдар аралыгында райондо төмөнкүдөй объектилер ишке киргизилди:
- Өндүрүш жана чарба тармагы: 58 өнөр жай ишканасы, 17 айыл чарба ишканасы, 1 курулуш компаниясы жана 1 логистикалык борбор.
- Тейлөө жана туризм: 46 коомдук тамактануу жайы, 30 тейлөө объектиси, 36 соода түйүнү, 9 туристтик объект жана 2 финансылык мекеме (кошумча башка тармактардагы 15 ишкана).
Ошондой эле 2026-жылы 2 бетон заводу, 2 чакан гидроэлектр станциясы (ГЭС) жана туристтик багыттагы балык чарбасы сыяктуу ири өндүрүштүк кубаттуулуктар пайдаланууга берилди.
Социалдык-инфраструктуралык багытта дагы бир катар иштер аткарылып, 2021–2026-жылдары жалпысынан 50 объект колдонууга берилди. Алардын катарында:
- Билим берүү жана маданият: 7 мектеп, 5 бала бакча, 2 маданият үйү жана 2 клуб.
- Спорт жана саламаттык: 2 спорт комплекси, 1 стадион жана 14 мини-футбол аянтчасы.
- Инфраструктура жана башкалар: Таза суу менен камсыздоо боюнча 6 долбоор, 4 административдик имарат жана 7 кызматтык үй бар.