Токтогул райондук ооруканасына кошумча 3 кабаттуу жаңы корпус курулууда

Аймак 2 декабрь 2025 16:15
591246299_1357864439145935_1247637234828634019_n.jpg
592509813_1357864425812603_3533259403443498263_n.jpg
592533455_1357864502479262_393071259611386139_n.jpg
592734124_1357864362479276_5448305723373557453_n.jpg
592804353_1357864469145932_4550732390941598642_n.jpg
592966814_1357864415812604_1924696758670738019_n.jpg
593581214_1357864352479277_758925537847962989_n.jpg
593692485_1357864542479258_3267212056111310536_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Токтогул райондук ооруканасына кошумча 3 кабаттуу жаңы корпус курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министр Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган оорукананын курулушу менен таанышты.

Курулуш иштери ушул жылдын октябрь айында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен башталган. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери толук аяктап, курулуштун кийинки этабы башталды.

Долбоорго ылайык, 100 койкалуу кошумча корпус үч кабаттан турат. Ошондой эле жертөлөсү да бар. Имараттын жалпы аянты 3863,57 чарчы метрди түзөт. Долбоор ишке ашкандан кийин район тургундары үчүн медициналык тейлөөнүн сапаты жогорулап, бейтаптарды кабыл алуучу орундар кеңейип, ооруканадагы шарттар бир топ жакшырат.

Курулуш иштери министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Ал эми корпустун долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.