Токтогул райондук маданият үйү 11 млн сомго оңдолууда

Аймак 4 сентябрь 2025 09:54
Kirghizistan_2018_-_Dom_Kulturi_de_Toktogul.jpg
1903604890.jpg
Алдыга
Артка
Kirghizistan_2018_-_Dom_Kulturi_de_Toktogul.jpg
1903604890.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 04.09.25. /Кабар/. Токтогул райондук маданият үйүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан 2025-жылга Токтогул райондук маданият үйүн оңдоп-түзөө иштерине 11 миллион акча бөлүндү.

Бул каражатка жылытуу системасы орнотулду, электр жабдыктары жаңыланды жана маданият үйүндө толук капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле, балдар музыкалык мектебине “Шамшыкал” редакциясынын имараты берилип, ал жакта дагы 1 миллион 700 миң акча каражаты бөлүнүп, ремонт иштери жүрүүдө.