Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика тармагында негизги объект болуп эсептелген Токтогул ГЭСинин ири реконструкциясы быйыл 30-ноябрда аяктап, ишке кирет. Бул тууралуу Токтогул ГЭСтер каскадынын директорунун орун басары Мирлан Зияйдинов билдирди.

Анын айтымында, долбоор Азия өнүктүрүү жана Евразия өнүктүрүү банктарынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Жалпы 181 млн АКШ доллары бөлүнгөн.
“Бул долбоор 2017-жылы башталган. Азыркы учурда үчүнчү фаза, тактап айтканда акыркы агрегаттын курулушу жүрүп жатат. Реконструкциядан кийин ар бир агрегатка 60 мегаватттан кубаттуулук кошулуп, жалпы 240 мегаватт кошулат, ошондо жалпы кубаттуулук 1 миң 440 мегаваттка жетет.

Биринчи фазада суу ресурстарын алдын ала изилдөө, башкы трансформаторлорду, көмөкчү жабдууларды, 500 кВ чыңалуудагы кабель линияларын жана 500 кВ ачык таратуу түзүмүндөгү негизги жабдууларды алмаштыруу иштери аткарылды. Бул этап 2020-жылдын октябрь айында ийгиликтүү аяктаган жана болжол менен 32,5 миллион долларга бааланган. Экинчи фаза эң кымбат этап болуп саналат. Анда курулмаларды жана гидромеханикалык жабдууларды калыбына келтирүү, ошондой эле бардык төрт гидроагрегатты алмаштыруу пландалган. Бул иштер 2022-жылдан бери пландуу түрдө жүргүзүлүп, быйыл үчүнчү агрегаттын пайдаланууга берилиши менен толук аяктайт. Мындан тышкары, экинчи фазада крандарды реабилитациялоо, дренаждык насосторду алмаштыруу, суу тосмосунун жана ГЭС имаратынын өрт өчүрүү системаларын жаңылоо, компрессорлорду жана агрегаттарды муздатуу системаларын модернизациялоо, жарыктандыруу системаларыы жаңыланган. Экинчи фазанын жалпы инвестициясы 133 миллион доллардан ашат”, – деп белгиледи Мирлан Зияйдинов.