Токтогул ГЭСине барчу жолго таш кулады

Аймак 13 февраль 2026 14:55
Токтогул ГЭСине барчу жолго таш кулады
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 13.02.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Токтогул ГЭСине баруучу ички чарбалык жолго таш кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жолго болжол менен 105 куб метр таш кулап, жол убактылуу жабылган. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

Министрликтен белгилешкендей, учурда каттам үчүн айланма жол колдонулууда.

“Жеринде тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн Токтогул ГЭСинен 3 оор жүк ташуучу унаа жана 1 жүктөгүч тартылып, тийиштүү иштер алып барылууда”, - деп айтылат билдирүүдө.