Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда токойлорду калыбына келтирүү боюнча 112 млн сомдон ашкан гранттык келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, келишимдерге кол коюу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан ишке ашырылды.
Бул иш-чара "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ" долбоорунун алкагында уюштурулуп, өлкөдөгү токой экосистемаларын калыбына келтирүү жана климаттык туруктуулукту жогорулатуу багытындагы иштерди күчөтүүгө арналган.
Долбоордун алкагында өлкөдөгү 18 токой чарбасы менен келишим түзүлдү жана жалпысынан 2500 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү жана токой өстүрүү иш-чараларын жүргүзүү пландалууда.
Министрликтен билдиришкендей, аталган ири масштабдуу иштер өлкөнүн экологиялык туруктуулугун камсыздоого, климаттык тобокелдиктерди азайтууга жана келечек муундар үчүн жашыл мурас калтырууга багытталган.