Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Саясаттагы "жердешчилик" өлкөнүн биримдигине жана мамлекеттик башкаруунун сапатына олуттуу коркунуч келтирет. Мындай пикирин "Кабар" агенттигине алдыда боло турган парламенттик шайлоого карата эксперт Токон Мамытов билдирди.
Анын айтымында, "жердешиңе" добуш берүү практикасы шайлоонун маңызын бурмалайт. "Шайлоочу талапкердин программасына, идеяларына жана компетенттүүлүгүнө эмес, жалаң гана жердештик принцибине таянып тандоо жасаганда, парламент элдик өкүлчүлүк органына эмес, айрым аймактардын жана кландардын лоббисттеринин жыйынына айланат", — деди эксперт.
Мамытов мындай мамиле мамлекеттин биримдигин бузарын, регионализмди күчөтөрүн жана жалпы улуттук иденттүүлүктүн калыптанышына тоскоол болорун баса белгиледи. Бул өз кезегинде, өлкөнү алсыратып, саясий жана социалдык тобокелдиктерге алып келет.
Мындан тышкары, жердешчилик артыкчылыктар башкаруунун сапатын төмөндөтөт, башкача айтканда керектүү билими жана тажрыйбасы жок адамдар парламентке келүүсүнө түрткү болот. "Натыйжада алсыз мыйзамдар, натыйжасыз реформалар жана коррупциялык тобокелдиктердин өсүшүнө алып келишим мүмкүн", — деди ал.
Ошондой эле эксперт мындай практика парламентке болгон ишенимди кетирерин белгиледи. "Эл Жогорку Кеңешти элдин кызыкчылыгын коргогон орган катары эмес, жердештердин күрөш майданы катары кабылдай баштайт. Бул бийликтин легитимдүүлүгүн олуттуу түрдө төмөндөтөт", — деп түшүндүрдү Мамытов.
Ал шайлоочулардын ролу жөнүндө сөз кылып жатып "жердештик" принциби менен добуш берүү – бул өзүн жана өз өлкөсүн тоноо дегендикке жатаарын айтты. "Билимдүү, таза жана кесипкөй депутат гана мандатты өзүнүн кызыкчылыгына эмес, жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө пайдаланат", — деп баса белгиледи эксперт.
Мамытов ошондой эле президент Садыр Жапаровдун жарандарга добуш сатуудан баш тартууга чакырган кайрылуусуна токтолду. Анын айтымында, бул жерден бир нече маанилүү басымдарды көрүүгө болот: жарандык жоопкерчиликти эске салуу; шайлоону катуу көзөмөлдөө жөнүндө эскертүү; парламент компетенттүү адамдардан түзүлүшү керек экенине басым жасоо; добуш товар эмес, өлкөнү өнүктүрүүнүн куралы катары кабыл алынган жаңы саясий маданиятты калыптандыруу.
"Сиздин добушуңуз баалуу, аны кыска мөөнөттүү пайдага алмаштырбаңыз. Парламенттин келечеги технологиялардан эмес, сиздин аң-сезимиңизден көз каранды. Таза шайлоо – бул бийликтин гана милдети эмес, ар бир жарандын жоопкерчилиги", — деп сөзүн жыйынтыктады Мамытов.