Кыргызстанда 2500 гектар аянттагы токойлор калыбына келтирилет

Коом 19 май 2026 16:30
5217897691822628963.jpg
5215579577713892503.jpg
5217897691822628959.jpg
5217897691822628961.jpg
5217897691822628956.jpg
5217897691822628955.jpg
5217897691822628958.jpg
5217897691822628957.jpg
Алдыга
Артка
5217897691822628963.jpg
5215579577713892503.jpg
5217897691822628959.jpg
5217897691822628961.jpg
5217897691822628956.jpg
5217897691822628955.jpg
5217897691822628958.jpg
5217897691822628957.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда токой чарбаларын колдоо, көчөт өстүрүү жана экосистемаларды сактоо максатында заманбап техникалар менен жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ" долбоорунун алкагында Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (IFAD) жана Адаптациялык фонддун колдоосу менен ишке ашты.

Заманбап техникалар Кара-Кулжа жана Ош токой чарбаларына, Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркына жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине берилди.

Ошондой эле мамлекеттик мекемелер менен көчөтканаларды өнүктүрүү боюнча 49,7 млн сомдук гранттык макулдашуулар түзүлдү. Мындан тышкары, 18 токой чарбасы менен 1522 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн 112,1 млн сомдук гранттык келишимдерге кол коюлду.

Долбоордун алкагында өлкө боюнча 2500 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү жана токой өстүрүү иштери жүргүзүлөт.