Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. 2022-жылдын 29-декабрында ”Келечек“ реабилитациялык борбору ачылгандан бери анда жалпысынан 2 546 бала реабилитациялык кызматтарды алды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Бүгүн, 12-ноябрда министр Алмаз Имангазиев борборго барып, балдардын жашоо шарттары, реабилитациялык процесстин уюштурулушу жана адистердин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр өзгөчө муктаждыктары бар балдардын ата-энелери менен баарлашып, алардын пикирлерин жана борбордун ишин мындан ары жакшыртуу боюнча сунуштарын укту.
Ата-энелер адистердин ишине, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына жана балдарды реабилитациялоо үчүн түзүлгөн шарттарга оң баа беришти. Ошол эле учурда борборду кошумча жабдуулар менен камсыздоо сыяктуу бир катар сунуштарын да айтышты.
Борбордун кызматкерлеринин маалыматына караганда, министр келген учурда реабилитациялык кызматтарды 49 адам алып жаткан. Алардын 37си стационардык шартта, 12си күндүзгү бөлүмдө болушкан. Балдар менен бирге борбордо 29 коштоочу адам да болгон.
Белгилей кетсек, ”Келечек“ реабилитациялык борборундагы бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт.
Министр өзгөчө муктаждыктары бар балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызмат алуучулардын муктаждыктарын эске алуу менен реабилитациялык кызматтардын сапатын тынымсыз жакшыртуу зарылдыгын айтты.