Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медербек Саккараев Токмок шаарынын тургундарынын Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюна эки жол чырак орнотуу өтүнүчүн билдирди.
Анын айтымында, бир жол чыракты мурдагы мал базардан чыга беришке, экинчисин Токмоктун батыш тарабындагы тазалоочу курулмалардын жанына орнотуу сунушталууда.
"Статистикага таянсак, бул кесилиштерде жыл сайын жол кырсыктары көп катталат. Кырдаалды айланып өтүүчү жолдун ар бир багытында бир нече тилкелүү экендиги татаалдаштырып, унаалардын шаардан коопсуз чыгуусуна тоскоолдук жаратууда", — деди эл өкүлү.