Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Токмок шаарындагы №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме боюнча коомчулукта тараган маалыматтарга түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, мекемедеги бул жагдай Акыйкатчы институтунун 2026-жылдын 19-майындагы пландуу текшерүүсүнөн кийин талкууга түшкөн.
Текшерүү учурунда комиссия кызмат алуучулардын жашоо шарты менен таанышып, алар менен маектешкен. Ал учурда жашоочулар тарабынан шартка же мекеменин ишине карата эч кандай даттануу түшкөн эмес.
Ал эми чуу жараткан канализация маселеси боюнча министрлик төмөнкүнү билдирет: текшерүү жүргөн күнү кызматтык үйлөрдүн биринин аймагында түтүктөр бүтөлүп, саркынды суу топтолуп калган. Мекеме жетекчилиги дароо Токмок шаардык мэриясына кайрылып, атайын техниканын жардамы менен көйгөй ыкчам чечилген.
Ошондой эле министрлик инфраструктураны жаңылоо иштери пландалгандай эле жүрүп жатканын кошумчалады.
"Маселен, 2026-жылы төрт кабаттуу турак жай корпусу менен тамак-аш блогу капиталдык оңдоодон өтөт. Ал эми 2027-жылы канализация тутуму толук жаңыланып, кызматтык батирлердин чатыры оңдолот. Учурда Эмгек министрлиги мекемедеги кырдаалды туруктуу көзөмөлдөп турат. Кызмат алуучулардын жашоо шартын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштери бекитилген планга ылайык ырааттуу улантылат",-деп айтылат маалыматта.