Токмоктогу ири өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок

Кырсык 27 Ноябрь 2025 10:40
IMG_20251127_1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
pozhar_tokmok-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
IMG_20251127_1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
pozhar_tokmok-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Токмокто "Заказник" мамлекеттик жаратылыш аймагынан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Жеринде кайрадан өрт чыгып кетүүсүнүн алдын алуу максатында 6 куткаруучу, 1 көчмө насостук станция жана АР-2 техникасы менен нөөмөткө калып, көзөмөл жүргүзүүдө.